2023-жылдын 20-октябрында матфактын 1-курс студенттери кыргыздын залкар инсаны, даңазалуу сүрөтчүсү жана киноактёру Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында болуп, анын эмгек жолу, өмүр таржымалы тууралуу кеңири маалымат алып, тарткан сүрөттөрү менен таанышып келишти.

С.Чокморовдун дүйнөдөн кайтканына 26-сентябрь күнү 31 жыл болду. Кылымда бир жаралчу көп кырдуу өнөрдүн ээсинин элеси кылымдан кылымга өчпөй сактала берет. Бул тууралуу Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай .Эралиевдин “Сүймөнкулга” деген ырында “Элеси бул кылымдын калды эсинде, Алкынтып бара жаткан асый атын” деп таамай айтылган, ал эми белгилүү акын Жолон Мамытовдун “…Элестелип бүт дүйнөгө таркады, Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” аттуу саптары эл оозунда унутулбай түбөлүк сакталып келет.

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий