2025-жылдын 10-ноябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) тарабынан Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган Япония университеттеринин “Японияда окуу-2025” билим берүү жарманкеси болуп өттү.  

Япониялык университеттердин өкүлдөрүн алгач КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кабыл алды. Жолугушууда тараптар билим жана маданий багыттагы байланыш тууралуу пикир алмашып, билим жарманкесин жыл сайын өткөрүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого түрткү берерин белгилешти.

Быйылкы жылы Япониядан төмөнкү университеттер катышты:

1. Waseda University

2. Hosei University

3. Keio University

4. Niigata University

5. University of Tsukuba

6. ISI Japanese Language School

Билим  жарманкеси КУУнун башкы имаратындагы чоң жыйындар залында өтүп, аталган университеттин өкүлдөрү билим берүү программалары, кабыл алуу шарттары, стипендиялар жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө толук маалымат беришти.

Катышуучу университеттер жарманкеге  буклеттерди,  маалымат берүүчү жана жарнама баракчаларын коюп, кызыккан катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Аталган  баракчаларга QR-коддор да жайгаштырылып, уюлдук телефон аркылуу дароо факультеттер жөнүндө маалымат алууга  шарт түзүлдү.

Добавить комментарий