Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы №256 Жарлыгынын негизинде С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин курамына кошулгандыгына байланыштуу КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 2025-жылдын 7-ноябрында Нарын облусуна иш сапары менен барып, Нарын мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ректор өлкөбүздүн билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанисине токтолуп, жогорку билим берүү тармагындагы сапаттын жогорулашына жана илимий потенциалдын өсүшүнө өзгөчө көңүл бурду. Ал ошондой эле Нарын мамлекеттик университетинин Кыргыз улуттук университетинин курамына кирүүсү – аймактык жогорку окуу жайлардын өнүгүшүнө, билимдин бирдиктүү стандарттарын киргизүүгө жана илимий-изилдөө иштеринин интеграциясына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи.

Ректор Догдурбек Чонтоев жамаатты бирдиктүү максатка – өлкөнүн интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө кызмат кылууга чакырып, КУУнун бай тажрыйбасы менен Нарын аймагындагы билим берүү чөйрөсүн сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда ректор жамааттын сунуш-пикирлерин угуп, алдыдагы иш пландар жана билим берүү багытындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн:

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Кыргыз улуттук университетинин курамына кошулуусу – өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы ири кадамдардын бири болуп саналат. Бул чечим аймактык жогорку окуу жайлардын өнүгүүсүн, билимдин сапатын жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жаралышын камсыздоого багытталган.

(С) Доорон Кубатбек уулу – КУУнун ректоратынын аппарат жетекчиси

Добавить комментарий