2025-жылдын 7-ноябрь күнү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу-драма театрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракеси белгиленди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров катышып, Улуттук университеттин жамаатын бир кылымдык мааракеси менен жылуу куттуктады жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ректор, профессор Догдурбек Чонтоев КУУнун 100жылда жетишкен ийгиликтери жана келечек пландары тууралуу билдирүү жасады.

Добавить комментарий