2025-жылдын 7-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жайгашкан орто кылымдарга таандык “Төрт-Күл”- Кочкор башы шаар урандысына барып, КУУнун тарыхчы-окумуштуулары жана студенттери тарабынан жүругүзүлүп жаткан илимий-изилдөө жана археологиялык казуу иштери менен жеринен таанышты.

Ректор баштаган администрация кызматкерлери шаар урандысындагы Мончо-Хамамды изилдөө иштерин көрүштү. Догдурбек Чонтоев археологиялык иштердин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, жетекчи О.А.Солтобаевге, Кум-Дөбө айыл өкмөт башчысына, Ак-Жар айылынын Улуттук университетке кураторлукка берилген Бейшебек Иманалиев  атындагы орто мектебинин директоруна жана тарых мугалимине “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.

Белгилей кетсек, казуу иштери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында тарыхий-маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана мамлекеттик колдоо” жөнүндө 2022-жылдын 28-декабрындагы №412 жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2023-2027-жылдар аралыгында  “Көөнө тарых сырлары” аталышындагы тарыхий-маданий мурастарды сактоо, изилдөө жанан археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү” жөнүндөгү 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 токтомун ишке ашыруу максатында аткарылууда.

Казуу иштерин Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери доцент Орозбек Солтобаевдин жетекчилиги астында жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жүргүзүп жатышат.

(С) Орозбек Солтобаев – археология, этнология, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти, археолог

Добавить комментарий