2025-жылдын 3-ноябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Маалыматтык технологиялар» орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жылдыз Кудайбергенова менен «Финка Банктын» түндүк региону боюнча IT башкармалыгынын улук кызматкери Белек уулу Айтенир Кесиптик колледждин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн 2-3 курс студенттерине “Өнөктөштүк жана кызматташуу: кесиптик колледждин өнүгүүсүнө кошкон салымы” аттуу конок лекция өтүштү.
Иш-чара Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын №17 “Өнөктөштүк аркылуу максаттарга жетүү” багытына шайкеш келет.
Жылдыз Кудайбергенова академиялык мобилдүүлүк боюнча кеңири түшүндүрмө берип, анын студенттер үчүн артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндады.
Белек уулу Айтенир банк системасындагы маалыматтык технологиялардын орду, практика өтөөнүн мааниси жана иш тажрыйба топтоонун пайдасы тууралуу пайдалуу маалыматтары менен бөлүштү.
Иш-чаранын соңунда кесиптик колледждин “Маалыматтарды иштеп чыгуунун жана башкарууну автоматташтырылган системалары”, “Эсептөө техникасын жана автоматтык системасын программалык камсыздоо”, “Колдонмо информатика” жана “Автоматташтырылган системалардын маалымат коопсуздугу” багытындагы студенттеринин “Финка Банктын” IT бөлүмүндө практика өтүүсү боюнча кызматташтык келишими түзүлдү. Конок лекция студенттердин кесиптик багытта ой жүгүртүүсүн кеңейтип, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң түрткү болду.
(С) Мамбеталиев М.Ж. – Кесиптик колледждин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы