2025-жылдын 21-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Физика жана электроника факультетинде окуу жайдын 100 жылдык мааракесине карата ректор тарабынан демилгеленген “100 жылдыкка – 100 кабинет” долбоорунун алкагында жаңыланган 1 кабинет жана 2 лаборатория ачылды. Алар:

  1. Физиканы окутуу методикасы кабинети (каб. №110)
  2. Физикалык моделдөө боюнча окуу-изилдөө лабораториясы (каб. №207)
  3. Электротехника жана электроника лабораториясы (каб. №101).

Кафедра башчылары ачылып жаткан кабинеттердин жабдылышы, ал жерге орнотурлган компьютерлер жана техникалык каражаттар тууралуу маалымат беришти.

Иш-чараларга КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, факультет жетекчилери, окутуучу-профессорлору жана студенттери катышты.

Добавить комментарий