2025-жылдын 21-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 6-окуу имаратынын жаңыланган фасады жана имараттын алдындагы Бишкек мэриясы тарабынан кеңейтилип, асфальтталган жолдун ачылыш аземи болду.

Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, окуу имаратында жайгашкан математика жана информатика институтунун, физика жана электроника, география, экология жана туризм, биология факультеттеринин жетекчилери, окутуучу-профессорлору жана студенттери катышты.

Ректор асфальты бузулуп, тешилген мурдагы жол кунары кетип, кичинекей көрүнүп калганын, азыр болсо жаңыдан асфальт төшөлүп, тротуар салынгандан кийин кенен жана татынакай көрүнүп калганын белгилеп, жолдун оңдоп-түзөлүшү боюнча жасалган аракеттер тууралуу кыскача маалымат берди. Догдурбек Чонтоев о.э. Улуттук университеттин бардык окуу имараттарынын фасады оңдоп-түзөлүп, аларга окуу жайдын логотиби жана аталышы жазылган белги такталары орнотулуп жатканын билдирди.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов менен география илимдеринин кандидаты, доцент Темир Кулматов Университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана айланасын иретке келтилүү боюнча жасалып жаткан иштер үчүн ректорго ыраазычылык билдиришти.

Добавить комментарий