2025-жылдын 10-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Инклюзивдүү өнүгүүнүн экономикага тийгизген таасири: абалы жана келечеги» темасында Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.  Маданий программанын алкагында окуу-методикалык кабинеттин салтанаттуу ачылышы жана Р.К. Акназарованын «Байсалдуу өмүр баян» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

Окуу-методикалык кабинеттин стеллаждарында жана дубалдарында окумуштуунун өмүр жолу, илимий жетишкендиктери, сыйлыктары жана эмгектери тууралуу фотоматериалдар, биографиялык маалыматтар жана илимий иштери жайгаштырылган. Ошондой эле анын илимий идеяларын жана салымын чагылдырган материалдар да камтылган.

Аталган кабинет мындан ары студенттер жана магистранттар үчүн лекцияларды, илимий жолугушууларды жана белгилүү экономисттер, коомдук ишмерлер менен талкууларды өткөрүүчү аянтча катары пайдаланылмакчы. Бул демилге жаш муундарды илимге кызыктыруу, илимий мурастарды даңазалоо жана билим берүү процессин жандандыруу максатын көздөйт.

Иш чараны уюштуруучулар: Мусаева Н.М., Секиева Р.А., Турдалиева С.А.,  Султаналиева Б.А., Эсенгелди кызы А., Султаналиева С.А.

(С) Секиева Р.А. — ЭЖМдин доценти

Добавить комментарий