2025-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын кыздар командалары арасында волейбол боюнча турнир болуп өттү. «Евразия» коомдук фонду уюштурган мелдешке жалпысынан 8 команда катышты.

Командалар чыныгы таймашты көрсөтүшүп, ар бири мыкты оюн үчүн аракет кылышты.

Жыйынтыгында, 1-орунду Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин командасы ээлесе, 2-орунга Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз Россия Славян университетинин, ал эми 3-орунга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин командасы татыктуу болду.

Белгилей кетсек, КУУнун кыздар командасы Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан даярдалды.

Үчүнчү орунду багындырып, жогорку деңгээлде оюн көрсөтө алышкан Улуттук университеттин волейбол боюнча кыздар командасын куттуктайбыз! Бул жетишкендик — эмгектин, биримдиктин жана максатка умтулуунун жыйынтыгы.

Добавить комментарий