2025-жылдын 9-октябрь күнү Москва физика-техникалык  институтунун доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Дмитрий Осипов математика жана информатика институтунун студенттерине “Биздин дүйнөнүн космогониясына заманбап көз караш” темасында дарс окуду.

Анын айтымында, космогония – асман телолору  менен алардын системаларынын (Күн системасы, жылдыздар, галактикалар ж.б.) пайда болушун жана эволюциясын изилдөөчү астрономиянын бөлүгү, илимий космогониядагы “Чоң жарылуу теориясы” – бул биздин ааламдын (Жер, планеталар, жылдыздар, галактикалар жана мейкиндик өзү) пайда болушун түшүндүргөн негизги илимий теория.

Лектор о.э. макроскопиялык заттар үчүн Ньютондун  Fт.к.= G×m×M/r² – (1) тартылуу күчү  формуласындагы G-гравитация туруктуусу жана элементардык бөлүкчөлөрдүн бири-бирине аракеттенүүсүндө Кулондун F=k⋅q₁q₂/r²  (2) – формуласындагы k-электрдик турактуулук, кадимки турактуулугунан четтей турган болсо, Күн системасында катастрофа келип чыгарын баса белгиледи. Мында, (1) формулада m, M- “Жер” жана “Күн” асман телолорунун массалары, r-алардын арасындагы аралык.

Зор кызыгууларды жараткан лекция жандуу өтүп, катышуучуларда көптөгөн суроолор пайда болуп, кызыктуу дискуссия да болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө, математикалык жактан алганда, угуучуларда Дирактын чоң сандар гипотезасы жөнүндөгү түшүнүк аябай зор таасир калтырды.

Англиялык физик Пол Дирак байкап көргөндө – табияттагы айрым физикалык чоңдуктардын катышы өтө чоң, бирок бири-бирине окшош болуп чыккан.

Сабактын соңунда, дарстын катышуучулары бүгүнкү сабактан “Караңгы материя” – бул көзгө көрүнбөй турган, жарык чыгарбаган, бирок гравитациянын таасири менен байкалган материянын түрү, биз аны түздөн-түз көрө албай бирок анын гравитациялык таасири аркылуу аны байкоого болорун,  ааламдагы жалпы материянын 27% пайызы караңгы материядан турары, дүйнөлүк окумуштуулардын айтымында аалам космостук мейкиндикте бардык масштабда кеңейип, галактикалар бири-биринен кескин алыстап кетерин, кеңейүү ылдамдыгы 67,4км\с болушу мүмкүн экендиги, “Чоң жарылуу теориясынын” ааламдын кысылышына тийгизген таасири тууралуу маалымат алышты.

Бүгүнкү өтүлгөн дарс катышуучулар тарабынан жогору бааланып, профессор Бекжан Кайыпбекович,  биздин дүйнөнүн жаралышы тууралуу заманбап түшүнүк бергендиги үчүн Москвалык окумуштуу Дмитрий Осиповго ыраазычылык билдирип, ага мындан аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүгүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.

Белгилеп кетчү нерсе, Москва физика-техникалык институту бүгүнкү күндө физика жана техникалык багыттар боюнча дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы 100дүн ичинде 54-орунду ээлеп турат.

“Колдонмо информатика” билим берүү программасынын жетекчиси, ф.-м.и.д., профессор Бекжан Темиров жана ф.-м.и.к., доцент Шаршенбек Жусупкелдиевдин демилгеси менен уюштурулган иш-чара Улуттук университеттин 100 жылдыгына жана мамлекеттик “Уңгу жолу” доктринасынын негизги багыттарынын бири болуп саналган таалим-тарбия, илим-билим, маданият жаатында өткөрүлүп, илимий ойдун дүйнөлүк кеңдиги менен бийиктигин өздөштүрүү жөнүндөгү маалыматты жаштарга жеткирүү чакырыгы болчу.

(С) Бактияр Рахмакулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий