2025-жылдын 6-октябрында Экономиканын жогорку мектебинде экономика илимдеринин доктору, профессор Арстаналы Ботобековдун “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын башчысы кызматынан кеткендиги белгиленди.
Иш-чарага КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу, Экономиканын жогорку мектебинин (ЭЖМ) директору Нуриза Мусаева, профсоюз уюмунун төрагасы Мырзаким Айдарбеков жана ЭЖМдин профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Проректор Мырзабек Камчыбек уулу Арстаналы Ботобековичтин кесипкөйлүгүнө жана окуу-методикалык иштин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын жетекчилиги астында 21 жылдан ашуун убакыттан бери кафедра жогорку натыйжаларга жетишип, өз позициясын бекемдеп, окутуу жана илимий ишмердүүлүктүн сапаты жогорулаганын белгиледи.
ЭЖМ директору жана бөлүм башчылары да Арстаналы Ботобековдун жетишкендиктерин баалап өтүштү. Алар профессорго чың ден -соолук, бакубатчылык, илимий жана окутуучулук ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалашты.
(С) Назарбекова Эмилия – “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын башчысы














