2025-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан Г.Айтиев атындагы Көркөм искусство музейинде «Бош орундар жана кесиптер» аттуу жарманке өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – жарандарды, айрыкча жаштарды жана бүтүрүүчү студенттерди бош жумуш орундар, талап кылынган кесиптер жана эмгек рыногундагы учурдагы тенденциялар менен тааныштыруу болуп саналат.
Жарманкеге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Карьера, кесипке багыттоо жана жумушка орноштуруу борбору, ошондой эле Жаштар саясаты жана спорт департаменти катышып, мектеп окуучуларына КУУ жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу жаатында пикир алмашышты.
Иш-чара алкагында КУУнун бүтүрүүчү курстарынын студенттери иш берүүчүлөр менен түздөн-түз байланышып, потенциалдуу жумуш сунуштары тууралуу маалымат алышты жана маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
(С) Матраимова Майрамгул – карьера, кесипке багыттоо жана жумушка орноштуруу борборунун башкы адиси





