2025-жылдын 3-октябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев институт директорлору жана факультет декандары менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Ректор катышуучуларды 5-октябрда белгиленүүчү Мугалимдер күнү менен кызуу куттуктап, 100 жылдык мааракеге карата даярдыктар жана анын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кенен маалымат берди.
Андан кийин Догдурбек Чонтоев директорлор менен декандарга
- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору болуп дайындалган мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы, саясий илимдердин кандидаты, доцент Базакеева Кундузгуль Жаманчаевнаны
- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы болуп дайындалган “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” билим берүү программасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Кадыр уулу Алмазбекти
- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып КУУнун Баткен кампусунун координатору болуп дайындалган Таникулов Абдиназар Бакировичти
- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып КУУнун Талас кампусунун координатору болуп дайындалган тех.и.к. Сарбалиев Анарбай Шаботоевичти
- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып КУУнун Нарын кампусунун координатору болуп дайындалган экономика илимдеринин кандидаты Саргашкаев Эсенбай Абдраевичти
- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын башчысы болуп дайындалган экономика илимдеринин кандидаты, доцент Назарбекова Эмилия Умбетовнаны
- 2025-жылдын 15-сентябрынан тартып “Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы” кафедрасынын башчысы болуп дайындалган аталган кафедранын доценти, философия илимдеринин кандидаты Качкынова Аида Турдубековнаны
- 2025-жылдын 25-сентябрынан КУУнун ректорунун уюштуруу-укуктук маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалган “Кылмыш-жаза процесси жана соттук экспертиза” кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору Нуриев Дооронбек Шамшиевичти
тааныштырды жана жаңыдан дайындалган жетекчилерге ийгиликтерди каалады.











