2025-жылдын сентябрь айында Математика жана информатика институтунун окутуучулары, ф.-м.и.д., профессор, колдонмо математика жана информатика билим берүү программасын жетекчиси Гулай Кененбаева жана функционалдык анализ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Джылдыс Акерова Кытай маалымат жана коммуникациялык технологиялар академиясынын ( CAICT) чакыруу катынын негизинде “2025-жылдын күзгү сессиясы “ШКУ дарагы”- Санариптик технологияларды үйрөнүү”  темасындагы илимий форумга катышып келишти.

Аталган долбоордун негизги максаты- Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынында көтөргөн ” Кытай-ШКУ чоң маалыматтар кызматташтык борборунун базасында санариптик технологиялар жаатында кадрларды даярдоо”  демилгесин ишке ашыруу болчу.

Жогоруда аталган “Дерево ШОС” проекттинин  программасы боюнча ачык сабактар, талаа изилдөө, тегерек үстөл жана санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча илимий форумдар болуп өттү.

Дүйнөнүн төрт тарабынан келишкен илимпоздор иш-чаранын жүрүшүндө санариптик  технологияларды өнүктүрүүнүн акыркы тенденциялары, маалыматтык технологиялык өнүктүрүү, ALGG доорундагы мультимодалдык билим инженериясы жана санариптик өнүгүү этаптары жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Ошондой эле чет өлкөдөн келишкен эксперттер өз ара пикир алышып, жаңы экосистеманы-ачыктыктын, өз ара пайда алып келүүнүн жана жалпы ийгиликтин негизинде Эл аралык кызматташууну биргеликте калыптандырууга болгон чакырыкты колдошту.

Белгилеп кетчү нерсе, 2023-жылдан тартып Бээжинде, Шанхайда жана башка шаарларда санариптик технологиялар боюнча “ШКУ дарагы” аттуу 9 окуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул программалар санариптик экономика жаатында ШКУ мамлекеттеринин кызматташуусуна өбөлгө түзүп, өз ара аракеттенүүнүн жакшы мисалы болуп калды. Азыркы кезде чоң маалыматтар кызматташтык борбору кадр алмашуу үчүн жогорку деңгээлдеги Эл аралык платформаны активдүү түзүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө, профессор Гулай Мекишовна “Математикалык изилдөөлөрдө жасалма интеллекттин так эмес маалыматтарын анализдөө” темасында пленардык баяндама жасады. Илимий доклад өтө кызыктуу болуп, чет өлкөдөн келишкен окумуштуулар арасында зор кызыгууларды жаратып, берилген суроолорго так жооптор берилди.

Программанын акыркы күнүндө активдүү катышкан делегаттарга кадр алмашуу үчүн жогорку деңгээлдеги Эл аралык платформаны ийгиликтүү өздөштүргөндүгү жогору бааланып, “Дерево ШОС” санариптик технологиялар чөйрөсүндө кадрларды даярдоо боюнча сертификаттар тапшырылып, Бээжин шаарына саякат уюштурулду.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий