Кыргыз филология факультетинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тили жана жасалма интеллект: Санарип доорундагы тилдин жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чарада мамлекеттик тилдин маңызын жана ордун даңазалоо, жаштарды тилди сүйүүгө жана заманбап технологияларды туура пайдаланууга үндөө, жасалма интеллект аркылуу кыргыз тилинин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо максатында ОсОО “Улут Софтун” жетекчиси Улан Баялиев, Нуртилек Алибеков жана Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Камбарова Чынара, Эркинбеков Марлис жалпы студенттерге жасалма интеллект тууралуу кызыктуу жана пайдалуу баяндама жасап беришти.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор

Добавить комментарий