2025-жылдын 26-сентябрында 11-окуу имаратында Юридикалык институт тарабынан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында студенттердин катышуусунда интеллектуалдык оюн уюштурулду. Ал үч бөлүктөн турду:
• жанылмач айтып жарышуу,
• сөздөрдү туура тизүү,
• фразеологизмдерди чечмелөө.

Студенттер билимдерин, тапкычтыгын жана эне тилге болгон урматын көрсөтүштү. Ошондой эле жаш манасчы Исхак “Манас” эпосунан үзүндү аткарып, таланттуу студент Эмирлан көркөм чыгармасын тартуулады.

Иш-чаранын жыйынтыгында Юридикалык институттун директорунун орун басары Алахунов Низахун мыкты катышкан студенттерди мактоо баракчалары менен сыйлады.

(С) Алахунов Низахун – Юридикалык институттун директорунун орун басары

Добавить комментарий