2025-жылдын 25-сентябрь күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери үчүн курулуп жаткан 16 кабаттуу көп функциялуу комплекстеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ал билим берүүдө студенттердин социалдык шарттарын жакшыртуу чоң мааниге ээ экенин белгилеп, курулуштун жүрүшүнө ыраазы болду.

Белгилей кетсек, жалпы аянты 16 000 м² болгон комплексте окуу аудиториялары жана лабораториялар, студенттер менен чет элдик окутуучулар үчүн жаткана, административдик бөлмөлөр, КУУнун музейи, 200 орундуу күн-түн иштеген китепкана, 600 орундуу амфитеатр жана конференц-зал, 60 орундуу эс алуу жана өз алдынча окуу зоналары, 60 орундуу галерея тибиндеги оранжерея болот. Курулушту “Бай Таш” ЖЧКсы жүргүзүүдө. Бул долбоор КУУнун 100 жылдык мааракесине карата инфраструктураны жаңыртуу программасынын алкагында ишке ашырылууда. Имараттын проектиси заманбап курулуш нормаларын жана стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгып, бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого багытталган.

Добавить комментарий