2024-жылдын 25-сентябрында башкы имараттын кичи жыйындар залында кыргыз-япон институту Мамлекеттик тил күнүнө карата “Улут наркы – улуу тил” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Майрамдык салтанатка институттун директору Такахара Дайсуке, орун басары Жеңиш Бексултанов жана окутуучу-профессорлор менен студенттер жамааты жигердүү катышты.
Институттун директору менен орун басары өлкөбүздөгү мамлекеттүүлүгүбүздүн ал-абалы, бүгүнкү жагдайы жана келечеги жөнүндө кеңири сөз кылышты. Студенттерге кайрылып, улуттук жана адамзаттык баалуулуктарды терең өздөштүрүүгө үңдөштү. Ал эми улуттук иденттүүлүктү студенттердин калыптануусунда эне тилдин, тарыхый эс-тутумдун, үрп-адат, салт-санаа, жалпы эле маданияттын жана Ата Мекендин маани-маңызы, дөөлөт-касиети жөнүндө ойлорун айтышты. Ошондой эле кыргыз-япон тилдеринин өзгөчөлүктөрү жана жалпылыктары, келечеги туурасында оюн ортого салды.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө студенттер “Манас” айтуу, комузда кол ойнотуу, улуттук бий, көркөм окуу, макал айтуу, жекече кыргыз ырларын ж.б. аткаруу боюнча чеберчилигин көрсөтүштү.
(С) Аида Сопонова – кыргыз-япон институтунун улук окутуучусу









