2025-жылдын 11-сентябрында Чет тилдер институтунун профессордук-окутуучулар курамы үчүн «IELTS эл аралык тестине студенттерди даярдоодогу колдонулуучу ыкмалар» деген аталыштагы тренинг болуп өттү.

Сабакты Адам Мицкевич Университетинин ардактуу профессору, Кембридж жана Оксфорд университеттеринин бүтүрүүчүсү Кристофер Кортен өткөрдү.

Тренинг учурунда профессор Кортен окутуунун эффективдүү ыкмалары жана эл аралык стандарттарга ылайык англис тилин үйрөтүү жолдору боюнча баалуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, мындан аркы биргелешкен илимий жана практикалык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Чет тилдер институту мындан ары да дүйнөлүк алдыңкы окуу жайлар менен академиялык байланышты чыңдап, окутуучулардын кесиптик чеберчилигин арттырууга багытталган иш-чараларды өткөрүүнү улантат.

(С) Байболотова Ж.Т. – Чет тилдер институтунун тарбиялык иштер боюнча координатору

Добавить комментарий