Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти Жеңишгүл Абдрасулова 2025-жылдын 2-5-сентябрында Венгрия Республикасынын Сегед университетинин алдындагы алтай изилдөө борборунда болуп өткөн «Алтай жамаатынын ысымдарды, наамдарды жана лакап аттарды ыйгаруу маданияты» аттуу XIII Эл аралык алтаистика симпозиумуна катышты.

Япония, Кытай, Тайвань, Индия, Туркия, Россия, Венгрия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстандын окумуштуулары катышкан жыйында Гүлжамал Жаманкулова «Чыгыш классиктеринин ысымдарына ныспанын берилиши», ал эми Жеңишгүл Абдрасулова «Манас» эпосундагы  эпикалык каармандардын ысымдарынын сакралдык мааниси» деген темаларда баяндама жасашты.

Добавить комментарий