Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университинин тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору кызмат ордуна 2025-жылдын 15-августунан тартып тарых илимдеринин кандидаты, доцент Кушубеков Алымбек Тынысбекович дайындалды.

Жаңыдан дайындалган жетекчини институттун эмгек жамаатына КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев тааныштырды. Ал мурдагы жетекчи, 8-август күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Сырдыбаев Туратбек тууралуу жылуу сөздөрүн айтып, буга чейин аткарган иштерин эскерүү менен окуу процессинин башталып жатканына байланыштуу институттун жаңы директору болуп буга чейин археология, этнология, булак таануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти болуп иштеп келген Кушубеков Алымбек Тынысбекович үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалганы тууралуу буйрук менен тааныштырды жана Алымбек Тынысбековичке ийгиликтерди каалады.

Тааныштыруу аземине биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу жана ректораттын аппарат жетекчиси Доорон Кубатбек уулу катышты.

Кушубеков Алымбек Тынысбекович – тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору

Добавить комментарий