2025-жылдын 13-август күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, абитуриенттерди бакалавриат менен магистратурага кабыл алуунун 5-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, о.э. факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.
Отурум 8-август күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаевдин жаркын элесин унчукпай туруп эскерүү менен башталды. Андан кийин Алайбек Шамшиев физика багыты боюнча магистратурага биринчилерден болуп документтерин өткөргөн Зейнеп Икрамовага КУУнун атайын сыйлыктарын тапшырды жана Улутттук университетке жалпысынан 7070 абитуриент кабыл алынып (колледждерди кошкондо), магистратура бөлүмүндөгү бюджеттик орундарга да кабыл алуу жүргөнүн белгиледи.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов 5-турга бюджеттик бөлүмгө 135 абитуриент, ал эми контракттык бөлүмгө 211 абитуриент катталганын, беш турдун жыйынтыгы менен Улуттук университеттин контракттык бөлүмүнө 6036 абитуриент катталып, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы ЖОЖдордун арасында 1-орунду ээлегенин билдирди. Ош мамлекеттик университети 4615 абитуриент менен 2-орунду ээлесе, 3592 абитуриент менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 3-орунда. Жооптуу катчынын айтымында жалпы 5 турдун жыйынтыгы менен Улутттук университетке 7119 абитуриент тапшырып (колледждерди кошкондо), алардын ичинен 6582 документтерин тапшырып, контрагын төлөштү.
Андан ары Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
5-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 14,15,16-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында эрте мененки 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт (Ишемби күнү – эрте мененки 9.00дөн кечки саат 16.00гө чейин).












