2025-жылдын 4-август күнү эрте менен саат 9:00дө 6-окуу имаратында жайгашкан кабыл алуу комиссиясында абитуриенттерди бакалавриат менен магистратурага кабыл алуунун 4-туру, ал эми колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөргө кабыл алуунун 3-туру башталды. Абитуриенттер имараттын фойесинде орнотулган стенддерден КУУнун окуу түзүмдөрү тууралуу маалымат алып, андан кийин өздөрү тандаган факультет/институт/колледждердин техкатчыларына тактоочу суроолорду берип, толук маалымат алышкан соң, Билим берүү жана илим министрлигинин https://2020.edu.gov.kg сайтына кирип, онлайн режимде катталууга киришти.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, үч турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетке 5923 абитуриент тапшырды. Алардын ичинен 2838 абитуриент контракттык бөлүмгө документтерин тапшырып, окуу төлөмдөрүн төлөштү, ал эми бюджеттик бөлүмгө 547 абитуриент кабыл алынды (446 – бакалавриатка, 101- магистратурага). Мындан тышкары, орто кесиптик билим берүү боюнча 2-тур жыйынталып, 1725 абитуриент документтерин тапшырышты.

Улуттук университеттин тездетилген программасына 729 абитуриент, кесиптик орто билимдин негизинде башка окуу жайлардан келген абитуриенттердин саны 66, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү боюнча биринчи курска 34 абитуриент катталды.

Магистратурага кабыл алуу 2025-жылдын 20-сентябрына чейин уланат, бюджеттик жана контрактык орундар бар.

Эскерте кетсек, абитуриенттерди бакалавриат/магистратурага 4-туру 6-август, саат 14:00гө чейин, ал эми колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөргө каттоонун 3-туру 6-август, саат 17:00гө чейин уланат.

Добавить комментарий