2025-жылдын 10-11-июль күндөрү илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек Кытай Эл республикасынын Нанкай университетинин чакыруусунун негизинде Кытай өлкөсүнүн Тяньцзин шаарында болуп өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн университеттеринин санарип экономикасын өнүктүрүү боюнча форумуна катышты.

Жыйында Мырзабек Камчыбек уулу “Инновации в образовании и роль КНУ имени Ж.Баласагына в развитии цифровой экономики” аталышындагы баяндама жасап, академиялык репутация, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда Улуттук университеттин дараметин жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга зор мейкиндик ачылып жаткандыгын белгилеп, келечектеги университетибиздин ордун айтып берди.

Форумдун жыйынтыгында, санарип экономикасы тармагында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн университеттеринин альянсы түзүлүп, ага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети мүчө болуп кабыл алынды.

Бул иш чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык аброюн мындан ары бекемдөөгө, илимий-билим берүү ишмердүүлүгүн, дүйнөлүк рейтингдеги ордун өнүктүрүү максатында, о.э. коомчулуктун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн бириктирген, университет менен тышкы дүйнөнү байланыштырган, стратегиялык жана учурдагы милдеттерди чечүүгө көмөктөшкөн жагдай түзүлүшүнө өбөлгө түзөт.

Добавить комментарий