ИЖККББ башкармалыгынын башчысы Урмат Тыналиев 2025-жылдын 12–15-июнь күндөрү Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында өткөн “Moving Central Asian Studies ever further: Orthodox vs Unorthodox Approaches” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты. Конференцияны Борбор Азия боюнча Европа изилдөөчүлөр коомчулугу (ESCAS) Ташкент мамлекеттик экономикалык университети менен биргеликте уюштурган.

Конференциянын алкагында Ph.D Урмат Тыналиев “Historical and Cultural Dynamics in Kyrgyzstan: Folklore, Education, Resistance to Russian Colonialism, and Secularism” аттуу темада атайын панелдин уюштуруучусу жана модератору катары катышты. Бул панелде төмөнкү илимий баяндамалар жасалды:

  • Венера Анарбекова, тарых илимдеринин кандидаты, доцент  Жалал-Абад шаарындагы Медико-социалдык илимий-изилдөө институтунун табигый жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы: “Karakalpak Folk Poem ‘Sarysha Aiym Tolgaiy’: A Reflection of Shared Heritage and Unique Identities in Central Asia”.
  • Дастанбек Разак уулу, тарых илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин илимий кызматкери: “Janybek Kazy’s Struggle Against Russian Colonialism: A Legacy in Kyrgyzstan and Xinjiang”.
  • Ph.D Урматбек Тыналиев,: “Cultural and Religious Dynamics in Embracing Secularism: The Case of Kyrgyz Society”.

Бул баяндамалар конференциянын катышуучулары тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, айрыкча Ph.D Урмат Тыналиевдин баяндамасынан кийин активдүү талкуу жүрдү. Бул теманын илимий жана практикалык мааниси жогору экендигин көрсөттү.

Конференция учурунда Ph.D Урмат Тыналиев КУУнун ректорунун атынан ESCAS конференциясын 2027-жылы Бишкекте, Кыргыз улуттук университетинин базасында өткөрүү боюнча расмий сунуш менен чыкты. Бул сунуш ESCAS уюмунун жетекчилиги жана башка мүчөлөрү тарабынан жылуу кабыл алынып, келечектеги эл аралык илимий кызматташуулар үчүн негиз түздү.

(С) Абдыраимова Нуриза – илим бөлүмүнүн башкы адиси

Конференцияга активдүү катышуудан тышкары, бул жумада Ph.D Урмат Тыналиевдин илимий ишмердүүлүгүндө дагы бир маанилүү ийгилик болду. Ал жана анын авторлошу тарабынан даярдалган “Migration Aspirations among Kyrgyzstan’s Youth: Analysis of Micro, Meso, and Macro Level Factors” аттуу макаласы 2025-жылдын 17-июнунда Central Asian Affairs (CAA) журналына жарыяланды. Толук макала менен бул шилтеме аркылуу таанышса болот:

CAA журналы Scopus маалымат базасына кирет жана учурда Q2 квартилге (59%) кирет. Бул басылманын академиялык чөйрөдөгү өсүү темпи жогору экендигинен кабар берет. Журнал тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн расмий баракчага кайрылыңыз.

(Т) Абдыраимова Нуриза – илим бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий