2025-жылдын 20-июнунда Ош шаарындагы Чолпон Жеенбекова жетектеген «Билгирим академиясынын» демилгеси боюнча жана КР Президентинин Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Нуржадыевич Жантаев, Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Чыңгыз Арстанбекович Бапаевдин толук колдоосу менен Алай районунда балдар этнолагери ачылды.
Иш-чарага Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун директору Саветбек Абдрасулов да катышты.
Этнолагерге Кыргызстандын бардык жети областынан келген 7 жаштан баштап 14 жашка чейинки балдардын жалпы саны 160 болду. Этнолагерге о.э. АКШ, Россия, Казакстанда жашаган мекендештерибиз дагы өз балдарын алып келди.
«Мен бул иш-чарага өзүмдүн мурдагы студентим жана шакиртим Чолпон Жеенбекованын чакыруусу боюнча катышып жатам. Ал Ош областынын мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен ушул маанилүү, жакшы ишти демилгеледи. Бул иш тууралуу айтуу гана эмес, ушул демилгени үлгү кылып, биздин балдарыбызга өз кыргыз маданияты жана кыргыз менталитети жөнүндө руханий ойлорду бере турган, психологиялык жактан кесипкөй жардам көрсөтө алган жаңы этнолагерлерди ачуу керек. Мындай мисал биздин балдарыбыз жакынкы келечекте өлкөнү өркүндөтө турган, дени чың болгон, ошондой эле Кыргызстан деп аталган өз мекенинин максаттуу шыктандырылган атуулдары болуп чоңойгонго зор өбөлгөгө айланат!
Ошону менен бирге, этнолагердин талашсыз артыкчылыктарынын бирин өзгөчө баса белгилеп кетким келет – бул уюлдук телефондорду пайдалануусуз эс алуу: түшкү тамактанууга чейин – оюн түрүндөгү окутуулар, түшкү тамактануудан кийин – эс алуу жана көңүл ачуу.
Балдар этнолагеринин мындай күнүмдүк иш-тартибинин максаты – балдарга айлана-чөйрө менен таттуу мамиледе болууга, тыгыз баарлашууга, гаджетсиз бири-бири менен, жаратылыш менен катнаш жүргүзүүгө шарттарды түзүү», – деди Саветбек Абдрасулов.
(С) Тургунбеков Ж.Р. – «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун илимий кызматкери



