Урматтуу кесиптештер, студенттер, окутуучулар, профессорлор, доценттер жана Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлери!
Бүгүн биз Кыргыз улуттук университетинин тарыхындагы өзгөчө жана кубанычтуу учурга күбө болуп жатабыз – биздин университет эл аралык QS World Rankings (QS WUR) рейтингинин 1201-1400 позициясына кирди! Бул биздин университеттин алдына койгон эң маанилүү стратегиялык максаттарынын бири болчу жана биз аны ушунчалык кыска убакыттын ичинде ишке ашыра алдык!
Акыркы жети ай ичинде биз “Университет 4.0” моделине өтүү планын жана жол картасын ишке ашыруу боюнча эбегейсиз зор иштерди аткардык. Бул ийгиликтин негизинде ар бир жамаат мүчөсүнүн – окутуучулардын, кызматкерлердин, студенттердин – опол тоодой салымы турат. Ар бириңиздердин кажыбас эмгегиңиздер жана университетке болгон берилгендигиңиздер бизди ушул бийиктикке жеткирди.
Биздин QS рейтингине киришибиз жөн эле кокустук эмес. Бул биздин жамааттын багыттуу жана тынымсыз эмгегинин натыйжасы:
- Стратегиялык документтердин иштелип чыгышы: Биз КУУну өнүктүрүүнүн 2027-жылга чейинки стратегиялык планын, “Университет 4.0” моделин жана глобалдык алдыңкы 1000 рейтингге кирүүгө багытталган 2026-жылга чейинки жол картасын, туруктуу өнүгүү программасынын максаттарын ишке ашыруу боюнча саясатты, билим берүүнүн сапаты жана анын максатын, кадр саясатын, ошондой эле QS World University Rankings 2026-жылдын рейтингине кирүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, кабыл алдык. Бул документтер ички буйруктар жана буйрутмалар менен бекемделип, биздин жолубузду так аныктап берди.
- Эл аралык тажрыйбаны колдонуу: Биз Азербайжан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын алдыңкы университеттери – Баку мамлекеттик университети, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети, Шакарим атындагы Университет, Б. Ельцин атындагы Урал федералдык университети, Коркыт Ата ат. Кызыл-Ордо университети, Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети, Ш.Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети менен байланыш түзүп, алардын алдыңкы тажрыйбасын үйрөндүк. Бул байланыштар биздин академиялык кадыр-баркыбызды жогорулатууга жардам берди.
- Илимий активдүүлүктү жогорулатуу: Эл аралык жарыялоо активдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2000ден ашуун профессордук-окутуучулук курамды камтыган окутуу семинарларын өткөрдүк. Семинарларда илимий макалаларды эл аралык Scopus жана Web of Science маалымат базаларында индекстелген журналдарда жарыялоо стратегиясы үйрөтүлдү. Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын мартына чейин жалпы суммасы 315 000 сомдук финансылык мотивация программасы ишке ашырылып, эл аралык басылмаларда жарыялоо активдүүлүгүнө түрткү болду.
- Эл аралык мобилдүүлүктү кеңейтүү: Академиялык мобилдүүлүк программаларына катышкан окутуучулар менен студенттердин саны өстү. Бул “Эл аралык окутуучулар курамынын коэффициентин” 21ден 22ге, “Чет өлкөлүк студенттер коэффициентин” 1187ден 1267ге чейин жогорулатууга мүмкүндүк берди.
- Жумуш берүүчүлөр менен кызматташуу: Алдыңкы жумуш берүүчүлөр менен жүргүзүлгөн жемиштүү иштер университеттин аброюн бекемдеди, бул биздин бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу пайызынын орточо 78% түзүшүнө өбөлгө түздү.
- Маалыматтарды так берүү: Ректордун 2024-жылдын 25-октябрындагы №447 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ QS Hub порталына Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты англис тилинде, белгиленген мөөнөттө так жана толук киргизүүгө жетишти. Бул процесс 2024-жылдын 24-январында QS компаниясы КУУга каттоо эсебин (номер 25545) берип, университеттин профилине өзүнүн QS Hub порталына кирүү мүмкүнчүлүгүн ачкандан кийин башталган. Бул расмий каттоо бизге престиждүү дүйнөлүк рейтингге киргизүү максатында маалыматтарды берүү процессин баштоого мүмкүндүк берди.
Бардык киргизилген маалыматтар иштелип чыккандан кийин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Азиянын мыкты университеттеринин рейтингинде 984 ЖОЖдун ичинен 381-орунду жана 2025-жылдагы Борбордук Азиядагы мыкты университеттер рейтингинде 25-орунду ээледи. Бул биздин QS системасына расмий кирип, алгачкы олуттуу ийгиликтерге жетишкенибизди көрсөттү. 2025-жылы дүйнөнүн 1500 мыкты ЖОЖдорунун катарына кирбегенибиз бизге кийинки кадамдарды талдоого жана дагы да күчтүүрөөк аракет кылууга түрткү болду, жана бул аракеттердин натыйжасы катары биз азыр дүйнөлүк рейтингдин 1201-1400 позициясындабыз!
Бул ийгилик — ар бириңиздердин жеке салымыңыздардын, кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана университетке болгон чексиз берилгендигиңиздердин натыйжасы. Биз Кыргыз улуттук университетинин дүйнөлүк аренада татыктуу орун алуусун далилдедик.
Бул жетишкендик биздин жолубуздун башталышы гана. Алдыбызда жаңы максаттар, дагы да бийик чокулар турат. Биз позициябызды жогорулатуу жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде алдыңкы орундарды ээлөө үчүн мындан ары да тынымсыз иштөөнү улантабыз. Сиздер менен биргеликте биз Жусуп Баласагын атындагы КУУнун позициясын бекемдеп, аны билим берүүнүн жана илимдин алдыңкы борборлорунун бирине айланта аларыбызга терең ишенем. Сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем! Куттуктайм, Кыргыз улуттук университетинин ардактуу жамааты!
Догдурбек Чонтоев – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор
Сертификаты

Өзгөчө белгиси
