Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин ортосунда түзүлгөн өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында филология илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корреспондент-мүчөсү, кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Маразыков Турусбек 2025-жылдын 23-майында ЖАМУнун Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультетинин студенттерине “Коммуникативдик багыттагы изилдөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү” деген аталышта конок лекция өттү.
(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор




