Чет тилдер институтунун студенттери менен окутуучулары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексине барышып, согушта курман болгондорду бир мүнөт үнсүз эскеришип, “Өчпөс отко” гүл коюшту.
Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо менен катар, тарыхый эстеликтерди сактоонун маанилүүлүгүн белгилөө максатында өткөрүлгөн иш-чара согуш мезгилиндеги ырларды аткаруу жана Жеңиш күнүнүн тарыхый жана маданий маанисин талкуулоо менен жыйынтыкталды.
(С) Айжан Тыныбаева – директордун тарбия иштер боюнча орун басары



