2025-жылдын 11-апрелиндеги №188 буйруктун негизинде жана 26-июнь – Баӊгизатка жана бангизаттарды мыйзамсыз  жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата студенттик поликлиникадан Шаршенова Замира Мамбетовнанын жетекчилиги астында келишкен психологдор Б.Суеркулов менен Ж.Бектурова №6-окуу имаратынын 7-дарсканасында физика жана электроника, химия жана биология факультеттеринин студенттери үчүн учурдун көйгөйлүү маселелеринин бири болгон «Баӊгизаттардын кесепети» жөнүндө видеороликтердин негизинде кызыктуу лекция окушту.

Сабакка аталган факультеттердин тарбия иштери боюнча декандардын орун басарлары да катышышты. Лекциянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн кызыккан суроолору менен кайрылышып, туура багытта жооп таба алышты.

(С) Осмонова С.С. – химия жана химиялык технология факультетинин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары, доцент, Дөөлөталиева А.С. – физика жана электроника факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары, доцент, Жунусов У.Т. – биология факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары, ага окутуучу

Добавить комментарий