2025-жылдын 25-апрелинде химия жана химиялык технология, физика факультеттеринин доценттери С.С.Осмонова менен Э.М.Бакирова Аламүдүн районуна караштуу Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде болушуп, 2025-2026-окуу жылына карата кесипке багыт берүү иш чарасын өткөрүштү.
КУУнун окутуучуларын аталган мектептин директорунун орун басары Мгоева Хумар Темуровна тосуп алып, мектептин жыйындар залында 9, 11–класстарынын окуучулары менен жолугушуу болду. Жыйында ар бир кесип ардактуу экендиги белгиленип, келечектеги кесипти туура тандап, туура чечим жасоо керектиги айтылды. Өзгөчө химия жана физика тармагындагы адистер учурда өлкөбүз үчүн абдан керектүү экендиги белгиленип, бүтүрүүчүлөр кызыккан суроолорун тартынбай сурап жатышты. Окуучулар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жөнүндө кеӊири маалымат алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө КУУнун өкүлдөрү окуучулардын окууларында ийгилик каалап, факультеттер, жалпы эле Кыргыз улуттук университет жөнүндө буклеттер таратылды. Иш чара жогорку деӊгээлде өттү.
(С) Осмонова С.С. – химия жана химиялык технология факультетинин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары, доцент, Бакирова Э.М. – физика жана электроника факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары, доцент


