2025-жылдын 10-11-апрелинде И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, п.и.д., профессор Рахат Сулайманова Казакстан Республикасынын М.Х.Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн “Билим берүүдөгү санариптик коллаборация: инновациялар, технологиялар жана методологиялар” аттуу эл аралык конгресске жана “Педагогикалык кадрларды даярдоонун заманбап тенденциялары: улуттук салттар, инновациялар, дүйнөлүк практика жана мыкты методика” аттуу эл аралык педагогикалык окууларга катышты. Иш-чара эки күнгө созулуп, анын биринчи күнү өткөн эл аралык когресстин пленардык жыйынында “Жогорку окуу жайларда педагогикалык кадрларды даярдоонун илимий-теориялык негиздери”, ал эми экинчи күнү өткөн эл аралык педагогикалык окуулардын пленардык жыйында “Болочок мугалимдерди окуучуларды  тарбиялоо ишине даярдоо маселелери” аттуу баяндама жасады.

Рахат Сулайманова иш-чаранын алкагында мектеп мугалимдери арасында жыл сайын салттуу өткөрүлгөн “Мыкты педагогикалык табылга – 2025” сынагынын калыстар тобунда болуп, жаңычыл, заманбап педагогдорду тандоого өзүнүн салымын кошту.

Ошондой эле М.Х. Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университетинин педагогикалык багыттардаг факультеттеринин студенттерине “Мугалимдик кесиптин сырлары” тууралуу конок лекция өттү.

Рахат Сулайманова аталган окуу жай менен мындан аркы кызматташуулар, биргеликте окуу куралдарын даярдоо, илимий долбоорлордун үстүндө иштөө, студенттер менен алмашуу, конок лецияларды өтүп, тажрыйба алмашуулар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Белгилей кетсек, буларга мисал катары аталган окуу жайдын педагогика кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор, Казакстан Республикасындагы санариптик педагогиканын негиздөөчүлөрүнүн бири Клара Бузаубакова менен биргеликте Scopus базасына макала иштелип чыгып жана “Санариптик педагогика” окуу куралын басмадан чыгарууга даярдап жатышат.

(С) Айсулуу Эгамбердиева – ПКМДИ директорунун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий