Экономика илимдеринин кандидаты Бусурманкулова Уран Нурдиновна Казакстандын борборунда өткөн «Борбордук Азиянын эң мыкты педагогу» аттуу эл аралык конкурсунун жыйынтыгында ардактуу наамга жана жогорку даражадагы сыйлыкка ээ болду.
Конкурстун негизги максаты — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мугалимдеринин ортосундагы байланыштарды жана кызматташтыкты чыңдоо, билим берүү менен илимди өнүктүрүүгө чоң салым кошкон мыкты адистерди аныктоо жана колдоо болуп саналат.
Конкурстун жыйынтыгында Уран Нурдиновна жогорку кесипкөйлүгү, жаңычыл ыкмаларды колдонгону жана билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы диплом, медаль жана атайын күбөлүк менен сыйланды. Сыйлоо аземи 2025-жылдын 12-апрелинде Астана шаарында, эл аралык уюмдардын жана илимий-агартуу коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу шартта өттү.
Бул сыйлык — талыкпаган эмгектин, кесипке берилгендиктин жана үзгүлтүксүз өнүгүүгө умтулуунун татыктуу баасы. Бусурманкулова У.Н. — жаңы муунду билим алууга жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө шыктандырып келген заманбап педагогдун жаркын үлгүсү.
(С) Каныбекова А.Э. – өндүрүштук практика жана методикалык иштер боюнча директордун орун басары



