2025-жылдын 22-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы КУУда Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» орденинин ээси Анатай Өмүркановдун туулгандыгынын 80 жылдыгына арналган «Алп акындын ажайып ааламы» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Иш-чара кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабият кафедрасынын башчысы К.Абакиров, кафедранын доценти С.Исаева жана КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Н.Ишекеев тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду.
Конференцияга п.и.д., профессор, КР УИАнын корр.-мүчөсү Назакул Ишекеев модераторлук кылды. Конференциянын жүрүшүндө Анатай Өмүрканов тууралуу даректүү фильм коюлуп, студенттер тарабынан акындын ар кыл темадагы мыкты лирикалык ырлары көркөм окулду.
Конференцияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Иманалиев Каныбек, Кыргыз Республикасынын эл акындары, Т.Самудинов, Т.Нурманбетов, “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу куттуктоо сөздөрүн айтса, коомдук ишмер, журналист, адабиятчы Нурушев Эсенбай “Генрих Гейне жана Анатай акын”, Кыргыз Республикасынын эл акыны Култегин Кожогелди “Анатай Өмүркановдун сүйүү лирикасындагы поэтикалык табылгалар”, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, ф.и.д., Садык Алахан “Акын жана падыша (А.Өмүркановдун “Күндөгү так”, “Асмансыз жылдар”, “Тушалган чагылган” жыйнактарынын мисалында)”, филология илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы БМУнун профессору Асакеева Динара “Анатай Өмүркановдун “Сарногойдун коргону…” эскерүүсүнүн көркөм табияты” деген темада илимий баяндамалар жасалды. Конференция андан ары секциялык иштер менен улантылды.
Конференциянын аягында КР эл акыны А.Өмүркановду “КР эмгек Баатыры” деген наамга сунуштоо чечими чыгарылды.
(С) С.Исаева – кыргыз адабият кафедрасынын доценти, ф.и.к.




