2025-жылдын 21-апрелинде башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата республикалык «Котормочулардын олимпиадасынын» ачылышы болуп өттү.
Аталган иш-чара кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан студенттердин тил билүү деңгээли менен котормочулук чеберчиликтерин баалоо максатында уюштурулуп, англис тили боюнча билим алып жаткан университетибиздин жана ошондой эле Ош мамлекеттик университети, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Кусеин Карасев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери катышууда.
Олимпиада салттуу жана онлайн форматта Google Meet платформасы аркылуу уюштурулган.
Республикалык «Котормочулардын Олимпиадасынын» расмий ачылыш бөлүгүндө университетибиздин биринчи проректору, биол.и.к., доцент Шамшиев Алайбек Бурканович уюштуруучуларды куттуктап, котормо, котормочулуктун өзөгү, маани-маңызы, кечээгиси, бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу кеңири маалымат берип, бардык катышуучуларга ийгилик каалады. Андан соң, кыргыз филологиясы факультетинин деканы, ф.и.к., доц. Жайлообаев Бакытбек Алмамбетович сөз сүйлөп, Кыргыз тарыхында котормочулук кесибинин факультеттеттибизде түптөлгөндүгүн, окуу, илимий, көркөм адабияттардын которулушу, алгачкы котормочулар жана келечектеги мерчемдер тууралуу баяндады. Андан соң олимпиаданын модератору, ТКТ бөлүмүнүн окутуучусу А.Р. Усупбаева Олимпиаданын I.турунун тандоо турун жүргүзүү үчүн даярдалган конверттеги суроолорду ачып берүүгө проректор А.Б.Шамшиев жана декан Б.А. Жайлообаеден өтүндү.
Суроолор ачылып, жооптуулар тарабынан катышуучуларга таратылып, кийинки турдун катышуучуларын аныкто үчүн калыстар тобуна тесттер тапшырылды.
Мурда маалым болгондой, олимпиада 3 турга белгиленип, тандоолордон соң жеңүүчүлөр 28-апрелде аныкталат.
Котормочулардын келечеги – билимдүү жаштардын колунда!
(Б) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, доцент







