2025-жылдын  15-17- апрель күндөрү Алматы гуманитардык-экономикалык университетинин жаш окумуштуусу Даурен Жадыра академиялык мобилдүүлүктүн алкагында кыргыз филологиясы факультетинин  студенттерине «Академиялык жазуу алгоритмдери», «Келечектин устаты», «Адабиятты окутуу алгоритмдери» (16 саат) деген аталыштагы конок лекция  өттү.

Сабакка факультеттин окутуучулары жана бардык адистиктин, багыттын студенттери катышты.

Факультеттин студенттери  учурда жаӊыдан окуу планына кирип, окутулуп жаткан  «Академиялык жазуу» предмети боюнча илимий маалыматтарды угушуп, бул боюнча бүгүнкү күндѳгү окумуштуулардын кѳз караштары, тексттин негизги белгилери, текст түзүүнүн алгоритмдери менен таанышты. Аталган лекциянын негизги бѳлүгү суроо-жооп иретинде болду.

Атайын даярдалган материалдар менен коштолгон «Адабиятты окутуу алгоритмдери» аттуу лекция кызыктуу болуп, студенттер адабий чыгармаларды талдоого байланышкан суроолорду узатышып, дүйнѳлүк адабияттын ири ѳкүлдѳрү, айрыкча Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы  факты-материалдардын негизинде ынанымдуу жоопторду ала алышты.

Иш-чаранын соңунда факультеттин деканы, ф.и.к., доцент Б.Жайлообаев жана КУУнун академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортоо жана тармактык  магистратура бөлүмүнүн башчысы С.Н.Шерматова лекторго университеттин атынан сертификат жана  ыраазычылык кат тапшырып, жаш илимпоздун ишине ийгилик каалап, мындан кийин да кызматташууга чакырды.

(С) Б.Жайлообаев – факультеттин деканы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий