2025-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин милициянын полковниги Алиев Ренат Шайырбекович кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун орто жалпы билим берүү программасынын 10-11-класстарынын окуучуларынына “Укук бузууларды алдын алуу”, “Банги заттардын, спирт ичимдиктерлин, тамеки чегүүнүн зыяндары”, “Жаштар арасында экстремизмди алдын алуу”, “Үй-бүлөлүк зомбулукту жана эрте никеге турууну болтурбоо” темалары боюнча лекция өттү.

Баңгизатка жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн сабакта видео роликтер көрсөтүлдү. Окуучулар лекторго өздөрү кызыккан суроолорду беришип, татыктуу жоопторду ала алышты. Сабак кызыктуу маанайда өттү.

Иш-чаранын соңунда лекция окуган кызматкерге институттун жамаатынын атынан ыраазычылык билдирилди. Аталган иш-чара жагымдуу маанайда уюштурулуп, өз максатына жетти.

(С) Бермет Бейшеналиева – ККДжКЖ институтунун башкы адиси

Добавить комментарий