Экономиканын жогорку мектебинде 2025-жылдын 14-апрель күнү Акчанын глобалдык жумалыгынын алкагында «Сенти» финансылык компаниясынын адистеринин катышуусунда студенттерге каржылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган «Жеке каржы. Инвестиция» аттуу тренинг болуп өттү. Бул иш-чара «Жаш финансист» клубунун уюштуруусу менен өткөрүлдү.
Тренингди каржылык билим берүү жана консалтинг жаатында чоң тажрыйбага ээ «Сенти» финансылык компаниясынын адиси Тыныстанова Назира Аманбековна өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин каржы тармагындагы билимдерин өркүндөтүү, ошондой эле жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү үйрөнүү болду.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар каржылык инструменттер менен таанышып, кирешелер менен чыгашаларды, каржылык жүрүм-турумду талдоону үйрөнүштү. Ошондой эле каражаттарды туура пландаштыруу жана бөлүштүрүү боюнча пайдалуу сунуштарды алышты. Өзгөчө көңүл каржылык коопсуздукка, үнөмдөө, инвестициялар жана кредиттик продуктуларды туура колдонууга бурулду.
Тренинг жандуу жана кызыктуу өттү – катышуучулар активдүү катышып, пикирлерин бөлүшүп, тажрыйба алмашышты. Иш-чараны уюштурган тараптар «Сенти» компаниясына кызматташуусу жана сапаттуу маалыматы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Бул тренинг ар бир адамдын турмуштук туруктуулугу жана бакубат жашоосу үчүн маанилүү болгон каржылык билим деңгээлин жогорулатууга багытталган пайдалуу аянтча болду.
Иш-чаранын уюштуруучулары: финансы кафедрасынын доц. Секиева Р.А., доц. Аташова А.К., доц. Нурмукамбетова Ж.К., ага окутуучу Кадырбердиева Г.С.
(С) Султаналиева Сайкал – «Финансы» кафедрасынын окутуучусу




