2025-жылдын 11-апрелинде биология факультетинде КУУнун 100 жылдыгына карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери студенттерге “Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана түзүлүштөрү”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” конок лекция окушту.
Студенттерге ченемдик укуктук актылары боюнча логикалык суроолор узатылып, кызыктуу талкууланды. Лекциянын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.
(С) Карипова Н.Т. – жалпы биология, экология жана лабораториялык иш кафедрасынын ага окутуучусу




