2025-жылдын 11-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын студенттерине И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун орун басары, профессор, филология илимдеринин доктору, акын, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Эгембердиева Аида Абдыжапаровна менен жолугушуу болуп өттү. Аталган иш-чарага кафедранын доценттери Орозалиева Жүрсүн, Осмонова Наргүл жана адистиктин студенттери катышты.
“Издеткен жарык” (1996), “Шүүдүрүм” (1998), “Белгисиз жомок” (2002), “Үнсүз кайрыктар” (2005), “Аян” (2010), “Оомат” (2019) аттуу поэтикалык жыйнактардын жана адабият таануу, манастаануу, этнография, антропология жаатындагы бир нече изилдөө жана окуу китептеринин автору, бир нече көркөм чыгармалардын кыргыз тилине котормочусу Аида Эгембердиева студенттерге өзүнүнүн лирикаларынан көркөм окуп берди.
Бөлүмдүн студенттери акындын “Оомат” поэтикалык жыйнагындагы ырларына адабий талдоо жүргүзүп, андагы муун өлчөмдөрүн, уйкаштыктын кайсы түрүнө кирерин жана ырларындагы негизги идеялык-тематикалык ойду таап, аларга илимий-теориялык жактан баа берүүгө аракеттерди жасашты.
Жолугушуу пикир алышуу түрүндө болуп, пайдалуу маалыматтар менен коштолду. Студенттер акын А.Эгембердиевага илимий жаатта да, акын катары да кызыккан суроолорун беришип, аларга аргументтештирилген жоопторду ала алышты.
Кыргыз филологиясы факультетинин “Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде” адистиги менен болгон жолугушуусу ийгиликтүү аяктады, жолугушуу өз максатына жетти.
(С) доцент Н.Осмонова



