Журналистика жана коммуникация институтунун PhD докторанттары илимий изилдөө иштери менен тажрыйба алмашууга Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине жөнөтүлдү.
Тажрыйба алмашуунун жүрүшүндө PhD докторанттар ЕУУнун журналистика факультетинин илим күнүнө карата уюштурулган “Кылым жана билим – 2025” эл аралык илимий конференциясына катышышты.
Эл аралык илимий конференцияда журналистика тармагындагы көйгөйлөр жана аны өнүктүрүү программасы боюнча студенттердин, магистранттардын, докторанттардын илимий эмгектери окулду. Андан тышкары кыргыз-казак илим изилдөөчүлөрү кесиптик ишмердүүлүк боюнча пикир алышышты.
(С) Н.Тилекеева – ага окутуучу



