2025-жылдын 10-апрелинде кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун орто жалпы билим берүү программасында табигый илимдердин декадасынын ачылышы болду. Декада “100 жана бир түн” жомогун негиз кылып алышып, падышанын алдына сырдуу бийкеч кыздар табигый илимдеринин өкүлдөрү чакырышып турушту, алар өздөрүнүн илими тууралуу кызыктуу фактыларды айтышып, ырларын ырдашып, бийлерин көрсөтуп, табышмактарын айтып падышанын көңүлүн ачышты.
2025-жылдын 11-апрелинде физика сабагынан класстан тышкаркы интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Программанын 10-11-класстардын окуучулары катышып, физика жана астрономия сабактары боюнча билимдерин көрсөтүштү.
Келерки жуманын ичинде окуучуларды ачык сабактар, класстан тышкаркы иш-чаралар, викторина жана ар кандай сынактар күтүп турат.
(С) Бейшеналиева Бермет – институттун башкы адиси-курстун менеджери








