Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери И.Арабаев атындагы КМУда өткөн конференцияда илимий баяндама окушту
Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттери 2025-жылдын 11-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн “Санарип доорунданы “Манас” эпосу жана мамлекеттик тил: жаш окумуштуулардын көз караштары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
2-курстун студенти Тургунова Нурмира (АВ 1-23) “Классик акын А. Осмонов жана эне тил”, 1-курстун студенттери Абдылдаева Салидат (МО6-24) “Глобалдашуу шартында кыргыз тилинин абалы”, Жусупекова Айпери (МО6-24) “Жаңы муундун тили” аталыштагы илимий баяндамаларын окушту. Студенттердин эмгектери жыйынтыктоо учурунда уюштуруучулар тарабынан жогору бааланды. Тастыктама жана белекке китептер менен, эң башкысы илим тармагындагы мамлекеттик тилге арналган өз эмгектери менен тажрыйбага ээ болуп кайтышты.
(С) Мырзанаева Медина – ЭАМжЧТ факультетинин ага окутуучусу


