Кыргыз филологиясы факультетинде  2025-жылдын 10-апрелинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик » уңгу жолун жүзөгө ашыруу максатында Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасы социалдык-гуманитардык илимдер институтунун 1-курсунун студенттери менен «Манас эпосу – кыргыз элинин улуу маданий мурасы»  аттуу студенттик илимий конференция өткөрдү.

Конференцияны Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти А. С. Медетов ачты. Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору А. Жусубалиев, социология кафедрасынын башчысы Б. Малтабаров, кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары М. Жаңыбаева сөз сүйлөшүп, студенттерди илимий конференция менен куттукташты.

Илимий конференцияда жүздөн ашык баяндамалар жасалып, « «Манас» эпосу жана кыргыз мамлекеттүүлүгү », « «Манас» эпосу боюнча илимий гипотезалар», «Манасчылар» деп аталган секцияларда өз ишин улантты.

Илимий жагынан негиздүү, кызыктуу баяндама жасаган студенттер атайын дипломдор менен сыйланышты.

(С) Г. А.Көчкөнбаевна – тарбия жана окуу иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий