2025-жылдын 3-апрелинде социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Абдикайым Жусубалиев Екатеринбург шаарында өткөн «Социология жана социалдык иштер» боюнча Федералдык окуу-методикалык бирикмесинин «Жаштар менен иштерди уюштуруу» багыты боюнча окуу-усулдук кеңешинин отурумуна катышты. А.Жусубалиев ал иш чарага чет өлкөлүк өнөктөш-эксперт катары чакырылган. Окуу-усулдук кеңештин отурумунда РФ Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин, Жаштар иштери боюнча федералдык агенттигинин, «Россиялык жаштар союзу» Жалпы россиялык коомдук уюмунун жана бул багытта адистерди даярдап жаткан бир катар университеттин өкүлдөрү катышышты. Анда «Жаштар менен иштерди уюштуруу» багытынын жаңы иштелип чыккан кесиптик стандарты талкууланды.
Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Б.Н.Ельцин атындагы УрФУнун ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк келишимине жана ага кошумча келишимге ылайык «Жаштар менен иштерди уюштуруу» багытында адистерди биргеликте даярдоо ишке ашырылууда. Бул келишимдин алкагында КУУнун бакалавр деңгээлин бүтүрүүчүлөрү үчүн «Жаштардын социалдык коопсуздугу» профили боюнча магистранттарды окутуп даярдоо каралган. Кыргызстан үчүн аталган багытта адистерди багыттуу даярдоо үчүн 2025-2026-окуу жылына 7 бюджеттик орун бөлүндү. Ал орундарга жаштар менен иштөөнү каалаган КУУнун бакалавриат деңгээли боюнча бардык багыттардын бүтүрүүчүлөрү талапкер боло алышат.
(С) Жолдошева А.Ш. – социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти



