2025-жылдын 2-апрелинде КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында өткөрүлгөн Универсиадада 1-орундарды ээлеген Улуттук университеттин стол тенниси боюнча кыз келиндер командасы жана кыргыз күрөшү боюнча эркектер командасы менен жолугушту.
Ректор команда мүчөлөрүн КУУнун администрациясынын жана өзүнүн атынан жеңиши менен куттуктап, окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалады, о.э. спортто ийгилик жараткан студенттердин окуу төлөмүн жеңилдетүү боюнча маселе каралаарын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө о.э. аталган спорттун түрлөрүн Улуттук университетте өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышуу болду.
Иш-чарага биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев жана факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Шаршен Абдыкеримов катышты.
Стол тенниси боюнча КУУнун кыз келиндер командасы
- Сапарова Алсу – социалдык-гуманитардык илимдер институтунун 2-курс студенти
- Калмырзаева Сагина – педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 2-курс студенти.
Машыктыруучусу: ФАДТжС кафедрасынын ага окутуучусу Токонова Гүлзат.
Кыргыз күрөш КУУнун боюнча эркектер командасы
- Кубатов Бекзат (1-орун) – юридика институтунун 4-курс студенти
- Эстебесов Арлен (1-орун) – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин 4-курс студенти
- Муратбек уулу Анвар (1-орун) – журналистика жана коммуникация институтунун 3-курс студенти
- Абылкасымов Адилет (2-орун) – факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасы 1-курс
- Абдырахманов Эрбол (2-орун) – юридика институтунун 1-курс студенти
- Жеенкулов Урматбек (3-орун) – юридика институтунун 3-курс студенти
- Уланбеков Бакай (3-орун) – юридика институтунун 4-курс студенти.
Машыктыруучусу: ФАДТжС кафедрасынын ага окутуучусу, эмгек сиңирген машыктыруучу Осмонбеков Азамат.
















