2025-жылдын 1-апрель күнү башкы имаратта ректораттын жаңыланган жыйындар залы ачылды. Оңдоп-түзөө иштери февраль айынын этегинде башталып, бүтүрүлгөн мурдагы “кызыл зал”, бүгүн таптакыр башкача, заманбап болуп өзгөрүп, көлөмү жагынан чоңойгондой көрүнүп, жаркырап калды.
Залдын кире беришине тартылган кызыл лентаны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, профессор Эсенбек Мамбетакунов жана КУУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы, профессор Садык Алахан кесишти.
Андан кийин, жаңыланган жыйындар залында алгачкы отурум болуп, ректор жыйындын катышуучуларына 2025-жылдын 1-апрелинен тартып которуу шарты менен
- илимий иштер боюнча проректор кызматына дайындалган социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору, психология илимдеринин кандидаты, доцент Камчыбек уулу Мырзабекти
- социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору кызматына дайындалган социология жана социалдык иш кафедрасынын башчысы милдетин убактылуу аткаруучу, социология илимдеринин кандидаты, доцент Жусубалиев Абдикайым Рысбаевичти (2026-жылдын 31-августуна чейин)
- карьера жана практика борборунун директору кызматына дайындалган Айтымбетов Мирбек Бакытовичти (2025-жылдын 31-августуна чейин)
жыйындын катышуучуларына тааныштырды.
Профессорлор Эсенбек Мамбетакунов менен Садык Алахан жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева университеттин 100 жылдыгына карата ачылып жаткан жаңы жыйындар залында жакшы дайындоолор болуп жатканын белгилешип, жаңы зал өлкөбүз үчүн, Улуттук университет үчүн жана ар бир кызматкер үчүн жакшы багыттар аныкталган, окуу жайды дүйнөлүк бийиктиктерге чыгара турган жакшы чечимдер кабыл алынган акжолтой зал болушун каалап, жетекчиликке ийгиликтерди каалашты жана университеттин жамаатын ынтымакка чакырып кетишти.
Жыйындын соңунда ректор жана катышуучулар илимий иштер боюнча проректор кызматына жаңыдан дайындалган Камчыбек уулу Мырзабекти кабинетине киргизип, жаңы кызматтык ордуна отургузушту.
Ал эми социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору кызматына дайындалган Жусубалиев Абдикайым Рысбаевичти институттун жамаатына биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев менен илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу тааныштырышты.








Илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич

Карьера жана практика борборунун директору Айтымбетов Мирбек Бакытович