2025-жылдын 28-мартында социалдык гуманитардык илимдер институтунун директору, “Психология” адистиги боюнча доцент, псх.и.к. Камчыбек уулу Мырзабек “Развитие самопонимания личности в современном кыргызском обществе” деген темадагы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Бул жетишкендик Сиздин жогорку кесипкөйлүгүңүздүн, илимий изденүүңүздүн жана эмгекчилдигиңиздин ачык далили. Сиздин эмгегиңиз илимдин жана билим берүүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп, кесиптештериңиз менен студенттериңизге дем-күч берүүдө.

Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун жалпы жамаатынын атынан Сизди психология илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алуу үчүн диссертацияңызды ийгиликтүү коргошуңуз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!

(С) Байбосунова Гулзат – илимий иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий