2025-жылдын 17-27-март күндөрү тарых жана чөлкөм таануу институтунун студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ташкент шаарындагы М.Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде билим алып келишти.
КУУнун студенттерин ӨҮҮнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Раима Ширинова менен чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улугбек Охундадаев тосуп алышып, окуу жайдын ички эрежелери, жатаканадагы жашоо шарттары жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Студенттер о.э. тарых факультетинин деканы, жаңы тарых кафедрасынын башчысы жана профессордук-окутуучулук курамы менен таанышып, окуу программасына ылайык билим алышты. Андан тышкары, “Толеранттуулук – тынчтыктын, жарандык биримдиктин, этностор аралык жана диндер аралык макулдашуунун кепилдиги” аттуу конференцияга активдүү катышышты.
Маданий программа Чыңгыз Айтматовдун музейинен башталып, студенттер 1569-жылы Бухара хандыгынын борборунда курулган Кукельдаш медресеси, Ташкент шаарынын байыркы жыгач устундуу турак-жайлары жайгашкан эски бөлүгүндөгү диний борбор Хаст-Имам архитектуралык ансамбли, ыйык Курандын түп нускасы сакталган Муй Муборак медресеси, ошондой эле, Амир Тимур атындагы мамлекеттик музей жана мамлекеттик китепкана менен таанышты.
Академиялык мобилдүүлүк программасы студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, өз ара тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, бул программа студенттердин дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, Кыргызстандын билим берүү тармагындагы жетишкендиктерин дүйнөлүк аренада таанытууга көмөктөшөт.
Тарых жана чөлкөм таануу институту мындан ары да студенттердин билим сапатын жогорулатууга жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын эл аралык деңгээлдеги аброюн көтөрүүгө багытталган иш-чараларды уланта бермекчи.
(С) Айдар Шейшенов – директордун орун басары


















